Ош облусунда баласын урушуп, сөгүп, карнгыда көчөгө кууп чыккан жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, буга чейин соцтармактарга белгисиз жаран уктап жаткан баласын ойготуп, урушуп, сөгүп, аялынан өч алуу үчүн аны күн сайын сабай турганын айтып, караңгыда эшикке чыгарып койгону тартылган видео тараган.
Бул видео «Вотсаптагы» тайпаларга тарап, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.
Милиция билдиргендей, видеодо баласын урушуп жаткан жаран Алай районунун 39 жаштагы тургуну Т.И. болуп чыккан. Анын айтымында, Россияда иштеп жаткан жубайы менен пикир келишпестик болуп, аны коркутуу максатында баласын урушуп, видеого тартып, аялына жөнөткөн. Бала дарыгерлерге көрсөтүлүп, денесинде ур-токмоктун тактары байкалган эмес. Азыркы тапта тиешелүү экспертизалар дайындалды.
«Учурда окуяга катыштыгы бар жарандар суралып, текшерүү уланууда. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамдуу чечим кабыл алынат», -деп айтылат маалыматта.