Site icon Reporter.kg

Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарат

Буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болду. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Нариман Түлеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэрлигине эң ылайыктуу адам.

«Мэрияны эч кимге бастырбай коргоп калдык. Эми мен көңүлүм тынч, кетсем болот. Дүйшөмбү күнү мен шаарга келип, расмий түрдө кызматтан кетем», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, экс-мэр Азиз Суракматов отставкага кеткен соң, биринчи вице-мэр кызматка дайындалган Нариман Түлеевге шаар мэринин милдетин аткаруу жүктөлгөн.

21-октябрда Нариман Тулеевди биринчи-вице мэр болуп дайындалышына каршы болгондор жана Тулеевди колдогондор митингге чыккан.

22-октябрда шаар башкармалыгынын маалымат кызматы Нариман Тулеевдин кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганы боюнча маалымат тараткан. Мындан соң мэрдин милдетин аткаруу вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлгөн.

26-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келгендигин мэриядан карабалашкан.

Exit mobile version