Site icon Reporter.kg

Балбак Түлөбаев кызматын тапшырып, жаңы кызматка барат

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев жаңы кызматка сунуш түшкөндүгүнө байланыштуу кызматын тапшырды. Бул тууралуу Reporter.kg`ге Түлөбаев өзү билдирди.

“Ооба, кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып бердим. Бүгүн премьер-министр Садыр Жапаровго кирем. Азырынча мени кайсы кызматка дайындай турганы айтыла элек”, – деди Балбак Түлөбаев.

Айрым маалымат каражаттары Балбак Түлөбаевдин Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп барабын жазышууда.

Маалыматты тактоо үчүн Өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Бактыбек Рысалиевге байланышканыбызда, Түлөбаевди кызматтан бошотуп, жаңы кызматка дайындоо боюнча азырынча расмий жарлык чыга электигин айтты.

Белгилей кетсек, Балбак Түлөбаев 6-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, кайра кызматына кайтып келген.

Ал  Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлү болуп ушул жылдын 27-июлунда дайындалган.

Exit mobile version