Site icon Reporter.kg

Балбак Түлөбаевдин мэр болушуна нааразы болгондор митингге чыкты

Бишкек шаарынын мэринин креслосун талашуу дагы деле уланууда. Бүгүн, 27-октябрда мэриянын алдына Балбак Түлөбаевдин мэр болушуна нааразы болгон тарап митингге чыкты.

Активист Асхат Осмонов Балбак Түлөбаевге «сиздин бул жакта иштегенге моралдык укугуңуз жок» деп айтты.

Ошондой эле ал мэриядагы азыркы кызмат орундар түп-тамыры менен алмашышы керектигин билдирип, «люстрацияны» талап кыларын билдирди.

Ал эми Балбак Түлөбаев Осмоновго эгер, эл каршы болсо кызматта бир да мүнөт турбай турганын айтты.

Буга чейин Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалап келген Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болгон.

Exit mobile version