Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Балбак Түлөбаев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ысык-Көл облусун жетектеп келген Акылбек Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.

Ал эми Балбак Түлөбаев 2018-жылдын август айынан бери Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы болуп иштеп келген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>