Балбак Түлөбаев: Бишкекте коронавирус дагы күчөп кетсе, шаар 20 күнгө жабылышы мүмкүн

Балбак Түлөбаев: Бишкекте коронавирус дагы күчөп кетсе, шаар 20 күнгө жабылышы мүмкүн

Коронавирус Бишкекте дагы көбөйүп кетсе, анда 15-20 күнгө жабылышы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Түлөбаев вирус жок деп жатып, калаада инфекция жайылып кеткенин айтты.

«Урматтуу кыргызстандыктар, социалдык тармактарда бул вирус жок. Бул аркынын оюну, бул беркинин оюну деп атып Бишкек шаарында коронавирус жайылып кетти. Бүгүн, 25-июнда Бишкекте коронавирустун 113 учуру катталды. Бул рекорддук чек. Эгерде бул ооруну жеңе албай, жайыла бере турган болсо, анда биз борбордук штабга Бишкекти 15-20 күнгө жапканга сунуш берүүгө аргасыз болобуз.

Ошондой эле эгерде базардан сырткары, кафе, ресторан, кичи кафелер, кальян барлар, башкача айтканда, элге тамак берген жайлар биз берген алгоритмдин негизинде иштебесе, биз алардын ишмердүүлүгүн кечки саат 22:00дон таңкы 05:00го чейин шаардагы бардык аймактарга дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабышыбыз мүмкүн»- деди мэриянын аппарат башчысы.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>