Site icon Reporter.kg

Балбак Түлөбаев эки кызматкерин иштен кетирди

Борбор калаа мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдын 46-беренесине ылайык, «Бишкек троллейбус башкармасынын» ЖКнын башчысы Артур Өмүрзаков, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурлан Атыканов кызматтарынан бошотулду.

Тиешелүү буйруктарга мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Exit mobile version