Балбак Түлөбаев Измирдин мэрине жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Балбак Түлөбаев Измирдин мэрине жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Түркиянын Измир шаарынын мэри Тунч Сойерге жер титирөөдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты.

Бишкек шаарынын мэриясы курман болгондордун бир тууганына, үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандар тез арада сакайып кетишин жана туруктуулукту каалаады.

Белгилей кетсек, Бишкек менен Измир 1991-жылдан бери боордош шаарлар.

30-октябрда Түркиянын батышында 6,6 баллдык жер титирөө болуп, эпицентри Эгей деңизинде, Измир облусунун Сеферихисар шаарына жакын жерде болгон. Жер титирөө жакынкы Грециянын аралдарында да сезилген. Грек сейсмологдору анын күчү 6.9 балл деп баалашкан.

Акыркы маалыматтарга ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 113гө жетип, 1035 адам жаракат алды, анын 137си оор абалда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>