Балбак Түлөбаев: Мектептерди ачуудан коркуп жатам, балдар ооруканаларында орун жок

Балбак Түлөбаев: Мектептерди ачуудан коркуп жатам, балдар ооруканаларында орун жок

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев борбордогу мектептерди ачуудан коркуп жаткандыгын мойнуна алды. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

«Санитардык-эпидемиологиялык кызматтар дагы мектептерди ачуу сунушун бербейт. Анткени бир класста 50 окуучуга чейин болушу мүмкүн. Жалпысынан борбор калаанын мектептеринде 70 миң окуучу болушу керек, бирок иш жүзүндө 170 миң окуучу. Кантип ачылышына уруксат берсем болот? Эгер алар ооруп калса? Балдар ооруканаларында орун жок. Жалпысынан 40 орун бар», — деди ал.

Балбак Түлөбаев белгилегендей, мэрия буга чейин билим берүү мекемелери ачылып жаткан аймактардагы кырдаалга көз салууда.

«Эгер кырдаал турукташса, балким Жаңы жылдан кийин ачып беребиз. Бирок дагы деле болсо дарыгерлер менен кеңешишибиз керек», — деди ал.

Өлкөнүн айрым аймактарында башталгыч класстар менен мамлекеттик экзамен бере турчу класстар офлайн режиминде окуп жатышат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>