Балбак Түлөбаев Нурсултан Кубановду өзүнө кеңешчи кылып дайындады

Балбак Түлөбаев Нурсултан Кубановду өзүнө кеңешчи кылып дайындады

Нурсултан Кубанов Бишкек шаардык мэринин билим берүү тармагындагы коомдук кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

“Буйурса иш жүзүндө билим берүү тармагында жакшы аракеттерди кылабыз. Силерге маалымат берип турам. Көп сөз жазбай, иш менен алектенели. Балбак Зарлыкович менен иштешкениме сыймыктанам, өзүм дагы көп нерсе үйрөнөм деген ишеничтемин”, – деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Нурсултан Кубанов 4-октябрда өтүп, кайра жокко чыгарылган парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен катышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>