Site icon Reporter.kg

Балбак Түлөбаев спортчу Дастан Али Шаршеевди жардамчы кылып алды

Спортчу Дастан Али Шаршеев Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев өзү «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Дастан Али Шаршеев деген жигитти жардамчы кылып алдым. Эми элине кызмат кылсын», — деп жазган Түлөбаев.

Балбак Түлөбаев кечээ, 27-июлда Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Exit mobile version