Балбак Түлөбаев Төрөхан Жунусбеков менен жолукту  — видео

Балбак Түлөбаев Төрөхан Жунусбеков менен жолукту  — видео

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Балбак Түлөбаев анын бул кызматка келүүсүнө нааразы болгон адамдар менен жолукту. 

Алар Түлөбаевдин Жээнбековдун командасында Азиз Суракматов менен чогу иштегенин айтышып, анын бул кызматка келүүгө моралдык укугу жок экендигин билдиришти. 

Нааразы болгондор менен кошо келген Төрөхан Жунусбеков ал мэр болууну эмес, мэриядагы коррупцияны тазалоону көздөгөнүн айтты.

Буга Түлөбаев ал убактылуу эле мэрдин милдетин аткаруучу болуп келгендигин, коррупцияны тазалагылары келсе, команда болуп мэрияга келип күрөшүүнү сунуштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>