Балбак Түлөбаев: Ысык-Көлдө саясий партиялар 50 кишиден ашык чогултпашы керек

Балбак Түлөбаев: Ысык-Көлдө саясий партиялар 50 кишиден ашык чогултпашы керек

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев саясий партияларды санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоого чакырды.

Түлөбаевдин айтымында, партиялардын шайлоонун алдындагы иш-чаралары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүлүшү керек.

«Саясий партиялар өзүнүн үгүт же башка иш-чараларын санитардык-гигиеналык ченемдерге ылайык өткөрүүгө милдеттүү, жана 50 кишиден көп эмес элди массалык чогултпашы керек. Саясий партиялар үгүт иштерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бөлүп берген ачык аянттарда өткөрүшү зарыл», — деп билдирди ыйгарым укуктуу өкүл.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>