Балбак Түлөбаев жол кире акысы качан көтөрүлөрүн айтты — видео

Балбак Түлөбаев жол кире акысы качан көтөрүлөрүн айтты — видео

Бишкекте кичи автобустун айдоочулары жол кирени 15 сомго көтөрүп берүү талабы менен калаа бийлигине кайрылышууда. Бүгүн, 18-январда кээ бир айдоочулар линияга чыкпай жатканын айткан шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кайрылуу жасады.

Түлөбаев 7 жылдан бери жол кире көтөрүлгөн эместигин, бул дароо эле жасалып кете турган иш эмес экендигин маршруттук таксинин айдоочуларына түшүндүрдү.

«Биз алардын тарифин көтөрүп берүүгө даярбыз. Бирок алар бүгүн көтөрүп бергиле деп айтып жатат. Андай болбойт да. Экономика министрлигине кат жазып кайрылуу керек. Анан алар бизге 2 сомго, 3 сом го бааны көтөрсөк кандай болорун жазып берет. Анткени мыйзам деген бар. Андан соң биз аны Шаардык кеңешке киргизебиз. Апрелге чейин жетишсек Шаардык кеңешке киргизип беребиз. Жетишпесек, май айында 2-3 болобу элге кыйын болбогондой кылып, акырындап жылдын аягына чейин 15 сом кылып берели. Элди дагы түшүнүшсүн, биз дагы түшүнүп жатабыз», — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>