Site icon Reporter.kg

Балбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болду – видео

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинин алтынын утуп, дүйнө чемпиону болду.

Финалда Махмудов венгриялык Золтан Леваи менен күрөшүп, аны 8:0 эсебинде жеңип алды.

Акжол Махмудов Кыргызстандын эгемендик тарыхында грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасында дүйнө чемпиону наамын алган биринчи спортчу болуп калды. Буга чейин грек-рим күрөшүнөн балбандар күмүш жана коло байге утуп келишкен. Маселен, Канат Бегалиев бир ирет (2006-жыл, 66 кг) жана Жоламан Шаршенбеков эки жолу (2018-жыл, 55 кг; 2021-жыл, 60 кг) дүйнө биринчилигинин күмүш медалын тагынган.

Ошол эле учурда кыз-келиндер, аны менен бирге кыргызстандык балбандардын ичинде күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон биринчи спортчу бул – Айсулуу Тыныбекова (62 кг). Ал Кыргызстандан чыккан биринчи дүйнө чемпиону гана болбостон, бул наамга эки ирет татыган. Ошондой эле былтыр 68 килограмм салмакта Мээрим Жуманазарова дүйнө чемпиону болгон. Ал кыз-келиндер, анын ичинде кыргызстандык балбандар арасында дүйнө биринчилигин жеңип, алтын тагынган экинчи балбан.

Эскерте кетсек, Махмудов килем үстүнө кечээ, 10-сентябрда чыккан. 1/16 финалдагы биринчи кармашында ал бразилиялык Жоилсон де Бритону 11:1 эсебинде уткан. Кийинки кармашта ал мексикалык Эммануэль Алексис Бенитес Кастродон (8:0) күчтүү чыккан. Ал эми чейрек финалда түркиялык балбан Юнус Эмре Башар менен күрөшүп, аны 9:7 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда Махмудовго кореялык Хён У Ким атаандаштык кылган. Ал кармашта Махмудов 4:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version