Site icon Reporter.kg

Балбан Акжол Махмудовдун атасы уулу качан үйлөнөрүн айтты

77kg GR - Akzhol MAKHMUDOV (KGZ)

Бүгүн, 15-сентябрда Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары Бишкекке учуп келишти. Курама команданы жана машыктыруучуларды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, балбандардын тууган-жакындары, күйөрман-колдоочулар салтанаттуу тосуп алышты.

Жолугушууда дүйнө чемпиону Акжол Махмудовдун атасы Мухамед Махмудов уулу качан үйлөнөрүн айтып берди.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын тарыхында биринчи алтын медалды алып, финалдан кийин машыктыруучусуна мүнөздүү жаңсоо көрсөткөн.  Социалдык тармактын колдонуучулары спортчу жакын арада үйлөнөрүн божомолдошкон.

«Мен дароо айтам, Акжол быйыл үйлөнбөйт. Анын эки агасы бар. Турнир алдында алар машыктыруучу менен сүйлөшүп, эгер дүйнө чемпиондугун жеңип алса, үйлөнүүгө уруксат берерин айткан. Ага дагы мотивация болду. Баардык кыздарга айтарым быйыл күтпөй эле койгула. Мүмкүн Париж Олимпиадасынан кийин үйлөнөт», — деди Мухамед Махмудов.

Сербиядагы грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын куржунуна үч медаль топтолду. Чемпионаттын алгачкы күнүндө Акжол Махмудов (77 кг) алтын утса, экинчи күнүнө Амантур Исмаилов (67 кг) коло жеңди. Ал эми Жоламан Шаршенбеков (60 кг) үчүнчү, жыйынтыктоочу күндө өз өлкөсү үчүн дагы бир алтын байгени алып келди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version