Site icon Reporter.kg

Балбан Амантур Исмаилов дүйнө чемпионатынын колосу үчүн күрөшөт

Кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов (67 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшөт.

Ал таймашка кечээ, 11-сентябрда чыгып, 1/8 финалда жеңилүү ызасын тарткан. Аны жеңген балбан финалга өткөндүктөн, ал көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Бүгүн ал көңүл жубатуучу кармашта кореялык балбан менен күрөшмөк. Бирок ал жаракатынан улам күрөшө алган жок. Ага байланыштуу жеңиш кыргызстандык балбанга берилди.

Белгилей кетсек, Исмаиловдон тышкары Тынар Шаршенбеков (63 кг) менен Бексултан Махмудов да (97 кг) көңүл жубатуучу кармаштарга чыккан. Бирок алар атаандаштарына жеңилип калды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version