Site icon Reporter.kg

Раззак Бейшекеев Албаниядагы турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандын грек рим күрөшү боюнча балбан Раззак Бейшекеев Албанияда өткөн рейтингдик турнирде алтын медаль утту.

Ал 67 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан.

Кыргызстандык балбан Түркия менен Казакстандын спортчусун утуп алды. Жарым финалда грузиялык атаандашынан күчтүү болду. Финалда Раззак Бейшекеев Молдовадан келген спортчуну 11:0 эсебинде утуп алды.

63 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Дөөлөтбек Чойбеков күмүш, Баяман Апилов (63 кг чейин) коло байгеге ээ болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version