Балбан Жоломан Шаршенбеков Дүйнө кубогун утту

Балбан Жоломан Шаршенбеков Дүйнө кубогун утту

Жоломан Шаршенбеков Дүйнө кубогун утуп алды. Кыргызстандык балбан Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда финалдык беттеште орусиялык Степан Марянянга каршы чыгып калыстардын чечими менен жеңип чыкты.

Беттештин алгачкы мүнөттөрүндө орусиялык балбан Степан Марянян 4:0 эсебинде алдыда келе жаткан.

Бирок экинчи бөлүгүндө Шаршенбеков эсеп санын теңегенге жетишип, килем үстүндөгү кармаш 4:4 эсеби менен аяктап, калыстар акыркы болуп ыкма жасагандыгы үчүн жеңишти кыргыз балбанына ыйгарышты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>