Site icon Reporter.kg

Балдар үйүндө тарбияланып жаткан 3 өспүрүм кыздын кош бойлуу болуп калганы тууралуу иликтөө жүрүп жатат

Орусиянын Челябинск облусундагы балдар интернатында 3 кыздын кош бойлуу болушу тууралуу иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Алар 16 жана 17 жаштагылар. Бул тууралуу аталган облустун Социалдык байланыш министрлигинин маалымат кызматы билдиргенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Аталган окуя боюнча атайын ведомство балдар үйүндөгү жүрүп жаткан иш боюнча текшерүү жүргүзөт. Интернаттагы балдардын тартибине жоопкерчиликтүү кызматкерлерге тиешелүү чаралар колдонулат.

Социалдык коргоо башкармалыгынын башчысы Ольга Янинанын айтуусунда, 17 жаштагы кыз ошол аймактагы техникалык окуу жайдын 4-курсунун студентинен боюнда болгон.

«16 жаштагы эки кыздын бири 23 жаштагы жергиликтүү тургундан кош бойлуу болсо, дагы бири аталган балдар үйүнүн 18 жаштагы тарбиялануучусуна турмушка чыккан. Ал бала учурда техникалык окуу жайда окуйт», — деп маалымат берди.

Министрликтин маалымат кызматынын билдирүүсүндө, кош бойлуу эки кыз дагы жакынкы арада турмушка чыгат. Учурда аларга нике күбөлүгүн алууга уруксаат кагаздары жана тиешелүү бардык документтери даярдалып жатат. Мындан ары жаш үйбүлө Балдарды коргоо борборуна барып, алардын көзөмөлүндө болот.

Exit mobile version