Site icon Reporter.kg

Балдар үчүн ишеним телефонуна бир айда 5,8 миңден ашуун чалуу болгон

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 1-майдан 1-июнга чейин 5 миң 875 телефон чалуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Алардын ичинен 226 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалышкан. Ал эми калган 5 миң 649 жаран жүйөсүз себептер менен же жаңылып чалгандар болгон.

Жогорудагы 226 жаран төмөнкү себептер менен чалышкан:

Кайрылгандардын көбү аял кишилер жана кыздар болгон. Тактап айтканда, 226 чалуунун ичинен: эркектерден – 38 (16,8%), аялдардан – 79 (35,0%), эркек балдардан – 27 (11,9%), кыз балдардан – 82 (36,3%).

«Кайрылган 226 абоненттин ичинен 182 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 37 абонентке психологиялык консультация берилген, 7 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган»,- деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version