Site icon Reporter.kg

Балдарды коргоо борборунан качкан төрт кыздын экөө табылды

Бишкектеги Балдарды коргоо борборунан качкан төрт өспүрүм кыздын экөө аман-эсен табылды. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы кабарлады.

Кечээ, 18-мартта болжол менен саат 13:00 чамасында 14 жаштагы С.Т. менен 17 жаштагы А. К. борбор калаанын аймагынан табылган.

Эске салсак, 14, 15 жана 17 жаштагы төрт кыз Бишкектеги Астрахань көчөсүндө жайгашкан Балдарды коргоо борборунан 14-15-март күндөрү качып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы айтылган.

Exit mobile version