Site icon Reporter.kg

Балдарды коргоо борборунан качып кеткен төрт өспүрүм кыз изделүүдө (сүрөт)

Бишкек шаарындагы Балдарды коргоо борборунан качып кеткен 14, 15 жана 17 жаштардагы төрт кыз изделип жатат. Бул тууралуу шаардын Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 14-мартта райондук милицияга С.Д. аттуу жаран кайрылып, 14 жаштагы Серофима Турдиева жана 17 жаштагы Аделина Кылычбекованы издөөгө жардам сураган. Анын айтымында, кыздар ошол эле күнү Астрахань көчөсүндөгү Балдарды коргоо борборунан качып кеткен бойдон дайынсыз болушууда.

15-март күнү райондук милицияга А.Э. атуу жаран кайрылып, 17 жаштагы Аруке Асамбаева жана 15 жаштагы Адия Кылычбекова аталган борбордон качып кеткен бойдон белгисиз болуп жатканын билдирген.

Эгерде жогорудагы өспүрүм кыздардын жүргөн жери тууралуу маалыматыңыз бар болсо, төмөнкү номурлар аркылуу байланышыңыз: 0(312) 35 29 47, 0(312) 35 26 05, 0 705 307 703, 0 701 644 403.

Exit mobile version