Site icon Reporter.kg

Балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш 22%га көбөйдү

2024-жылдын алты айында Чүй боюнча балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш 22% көбөйдү. Бул тууралуу облустук прокуратура билдирди.

Жарым жыл ичинде аталган аймакта балдарга карата 153 кылмыш иш катталып, өткөн жылга салыштырмалуу 35 фактыга азайган.

Ал эми, балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштардын саны былтыркыга салыштырмалуу 22% көбөйгөн.

Ал эми Чүйдө жашаган балдар тарабынан 171 кылмыш катталды. Бул кылмыштардын көпчүлүгү менчикке каршы багытталып, анча оор эмес жана коркунучтуулугу аз кылмыштар басымдуулук кылат. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 59 кылмыш иш кыскартылган, 62 иш боюнча  балдар кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгарылган. 2 иш боюнча тергөө токтотулуп, 7 иш тергелип, 41 кылмыш иши соттук кароого жиберилген.

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган балдарга байланыштуу 11 кылмыш иши козголсо, анын үчөө сотко жөнөтүлгөн.

Exit mobile version