Аксы районунун Кербен шаардык ооруканасындагы абал интернет колдонучууларынын талкуусуна калды. Аталган ооруканада орун жоктугунан бейтаптар залда жатканы нааразчылык жаратууда.
«Балдарга камкордук ушундай башталды. Бул жерге баргандар айыкпай эле, кайра оору күчөп жатат. Ооба, орун жетишсиз. Жылда ушул абал, баарында бирдей деп, кол куушуруп отура беребизби? Саламаттык сактоо министрлиги ойгонсо боло?» — дешүүдө дарылануучулар.