Site icon Reporter.kg

Балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда

Балдарга карата катаал мамилени жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында адистер үйлөрдү кыдырууда. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Баардык райондордо балдарга карата катаал мамилени, зордук-зомбулуктун алдын алуу, оор жашоо шартындагы балдарды аныктоо жана мониторинг жүргүзүү максатында райондук штабдын мүчөлөрү кожолуктарды кыдырууда.

Бул иштер балдарга карата зордук-зомбулуктар көп катталып жатканына байланыштуу Өкмөттүн тапшырмасынын негизинде аткарылып жатат.

Exit mobile version