Кыргызстанда балдарга үйдөн билим берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүшү мүмкүн. Үй-бүлөлүк билим берүү формасы тууралуу токтом долбоор коомдук талкууга коюлду.
Документти Билим берүү жана илим министрлиги иштеп чыккан.
Анын максаты — жалпы билим берүү уюмдарына барууга мүмкүнчүлүгү жок болгон адамдар үчүн мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү менен мектепте билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү.
Токтом долбоордо үй-бүлөлүк формада билим алуу Кыргызстандын мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталары жазылган. Ошондой эле үйдөгү билим берүү негизги билим берүү программалары боюнча жүргүзүлөт. Үй-бүлөлүк билим берүүдө билим берүү уюмунда аралык, көчүрүү жана жыйынтыктоо аттестациядан өтүү шарты каралган.
Документте үйдө билим алуунун артыкчылыктары айтылган:
- мектеп жашындагы балдардын иш жүзүндө жашаган жана (же) турган жерине карабастан жалпы башталгыч, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программалары боюнча билим берүү уюмунан сырткары формалдуу билим алууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу;
- социалдык жактан тең укуктуулукту камсыз кылуу, билим берүү процессине тартуу боюнча окуп жаткандарды коргоо жана мамлекеттик жана (же) муниципалдык билим берүү уюмдарында окутуу үчүн шарттарды түзүү, мындай билим берүү уюмунан сырткары окугандарга окуу кеңештерин, окуу-усулдук колдонмолордун, медициналык тейлөөнү жана (же) ден соолугун чыңдоону камсыз кылуу.