Site icon Reporter.kg

Балык уулоого кеткен 28 жаштагы жаран алты күндөн бери изделүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунда Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон жаранды издөөгө 25-майда саат 07:30да жалпы 41 адам тартылды.

ӨКМ маалымдагандай, 19-май күнү болжол менен саат 19:00 чамасында 1997-жылы туулган Ж.Э. аттуу эркек киши Көкөмерен дарыясына балык уулоого чыгып, кайырмагы суунун жээгинен табылып өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол убактардан бери издөө иштери улантылууда.

Exit mobile version