Балыкчы-Каракол жолундагы унаа кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды

Балыкчы-Каракол жолундагы унаа кырсыгы эки адамдын өмүрүн алды

14-январга караган түнү Ысык-Көл облусунун аймагындагы жол кырсыгынан эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, кырсык Балыкчы-Каракол унаа жолунда катталган.

Анда “Камаз” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Мерседес-Ман” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаалар кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен “Камаз” үлгүсүндөгү унаанын кабинасы күйүп 2 эркек киши каза болуп, 2 эркек киши жабыркаган. Каза болгон адамдардын жансыз денеси ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, ал эми жабыркаган адамдар тез жардам аркылуу оорканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>