Site icon Reporter.kg

Балыкчы — Кочкор темир жолунун 35 чакырымы салынды

Балыкчы — Кочкор темир жолунун 35 чакырымы салынды. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан билдиришти.

Курулуш иштерине 100дөн ашык жумушчу жана 60ка жакын атайын техника тартылган. Темир жол аталган ишкананын өз күчү менен жана өз акчасына салынууда.

Узундугу 63 чакырым боло турган Балыкчы – Кочкор темир жолу 2022-жылы курула баштаган. Ал «Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолу» долбоорунун биринчи баскычы болуп саналат. Бул жолдун жалпы узундугу 186 чакырымды түзөт.

Exit mobile version