Site icon Reporter.kg

Балыкчы-Кочкор темир жолунун 40-чакырымында курулуш иштери уланууда

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Балыкчы – Кочкор темир жолунун курулуш иштери уланууда, учурда 40-чакырымында бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын маалыматына ылайык, Балыкчы – Кочкор темир жол линиясы өлкөнүн ички темир жол тармагын өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ.

“Келечекте бул каттам Макмал станциясы аркылуу Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолуна кошулуп, өлкөнүн ичинде бирдиктүү темир жол тармагын түзүүгө жол ачат”,-деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version