Site icon Reporter.kg

Балыкчы менен Чолпон-Атада таштанды ылгоочу ишкана куруу пландалууда

Ысык-Көлдүн Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларында таштандыны ылгоочу ишканалар курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунан билдиришти.

Бүгүн, 16-октябрда Балыкчынын мэриясы, Ысык-Көл районунун акимчилиги жана «Таза Био Сервис» компаниясы тиешелүү меморандумга кол койгон.

Бул долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылат. Анын алкагында эки шаарда таштандыны кайра иштетүү үчүн ылгап алган ишканалар салынат.

Exit mobile version