Site icon Reporter.kg

Балыкчы шаарына 1,1 млрд сом бөлүнөт. Ипотекалык үй салынып, автобустар алынат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Балыкчы шаарынын өнүгүүсүнө жалпы 1,1 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, көл боюндагы шаардын инфраструктурасын жаңыртуу, социалдык кызматтарды жакшыртуу жана тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу негизги максат болуп саналат.

Негизги багыттар:

▪️ 1 млрд сомдук ири инвестиция — инфраструктураны жакшыртууга жана социалдык объектилерди курууга жумшалат.

▪️ Шаардын негизги көчөлөрү Бишкектеги Айтматов проспектисине окшош жарыктандырылып, айлампа жол толугу менен реконструкцияланат.

▪️ 20-июлда 12 кабаттуу, 5 миң батирлүү ипотекалык үйдүн курулушу башталып, мезгил капсуласы салынат. Бул Балыкчыдагы ири турак жай долбоорлорунун бири болуп калмакчы.

▪️ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев шаар үчүн кошумча 100 млн сом бөлүү убадасын берди. Бул каражатка:

Учурда атайын техникалар Бишкектен жеткирилүүдө жана тиешелүү иштер башталган.

Туманбаев белгилегендей, президенттин иш башкармасы жергиликтүү өз алдынча башкарууга кийлигишпей, алардын өз алдынча чечим кабыл алуу укугун сыйлайт.

Exit mobile version