Балыкчыда батирден өрт чыгып бир адам көз жумду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн бириндеги батирден эртең менен өрт чыккан. Анын кесепетинен 1945-жылы туулган киши түтүнгө ууланып каза болгон.
Учурда өрттүн себеби такталууда.