Site icon Reporter.kg

Балыкчыда сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Балыкчы шаарында сууга чөгүп кеткен 16 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-июнь күнү Толкун пляжында 2006-жылы туулган Ч.А. атуу кыз сууга чөгүп кеткен. Жерине 7 куткаруучу тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:20да жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version