Site icon Reporter.kg

Балыкчыда жоголгон 17 жаштагы балынын сөөгү табылды

Ысык-Көл облусунда жоголгон 17 жаштагы Азимдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Reporter.kg сайтына өспүрүмдүн туугандары билдиришти.

Азим 13 -августта жоголуп кеткен. Саат 11лер чамасында ал эжеси менен жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Баланын ата -энеси Бишкекте жашашат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы издөөдө жүргөн жигиттин сыпаттамасына дал келген сөөктү тапканын тастыктады. Бирок так маалымат идентификациядан кийин белгилүү болот. Алдын ала маалыматтар боюнча, денеде зордук -зомбулуктун белгилери табылган эмес. Акыркы жыйынтыктар тиешелүү экспертизалар өткөрүлгөндөн кийин белгилүү болот.

Exit mobile version