Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында канаттуулар фабрикалары жана чарбалык курулуштар жайгашкан 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызмат аталган жер тилке мыйзамсыз пайдаланылып келгенин аныктаган. Жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында аталган жер курулуштары менен бирге мамлекеттик баланска өткөн.