Site icon Reporter.kg

Балыкчынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду

Балыкчы шаарынын мэри Бакыт Шаршеев кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КРнын Конституциясынын 71-беренесинин, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын  47-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Шаршеев Бакыт Октябрович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин жыйынында Балыкчы шаарынын мэри бир жумадан бери жумуш ордунда жок экенин айткан.

Бакыт Шаршеев мэр болуп 15-июлда дайындалган болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version