Site icon Reporter.kg

Бишкекте баңгизат чегип алып каттамга чыккан айдоочу аныкталды   

Бишкек шаарында кичи автобустун айдоочусу баңгизатка мас абалында каттамга чыккан. Бул тууралуу Патрулдук милиция бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Патрулдук милициянын кызматкерлери кичи автобустардын айдоочуларынын канында баңгизат бар-жогун, техникалык тейлөөдөн өткөнүн, транспорттун санитардык абалын текшеришти.

«Наркология жана техникалык тейлөө бөлүмүндө текшерүүдөн өтпөй калган айдоочулар аныкталды. №575 кичи автобустун айдоочусу баңгизатын чегип алган. Протокол түзүлүп, унаа убактылуу токтоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, терезелери караңгылатылган троллейбустар табылган. Рейддин жыйынтыгында 110 миң сом айып пул салынган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version