Site icon Reporter.kg

Баңгизат колдонгон милиционер камакка алынды. Чоо-жайы

Кызматтын кадыр-баркын кетирип, баңгизат пайдаланган кызматкер камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарынын Ахунбаев-Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. кармалып, анын кызматтык формасынын бушлатынын сол чөнтөгүнөн целлофанга оролгон өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 8,26 грамм болгон белгисиз зат табылып алынган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин негизинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү  милициянын кенже сержанты Э.А.ны Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизатын колдонгону аныкталган.

Андан тышкары, милициянын кенже сержанты Э.А. жогоруда көрсөтүлгөн далил зат катары алынган кочкул-күрөң түстөгү баңгизатты сатып алган дарегин айткан. Көрсөткөн дарек боюнча Бишкек шаарынын “Жал”  кичирайонундагы батирлердин бирине тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында өзгөчө жыты менен кочкул-күрөң түстөгү 57 граммдан ашык  зат табылып алынган.

Жогоруда көрсөтүлгөн даректе баңгизатты колдонуп отурган Бишкек шаарынын  4 жараны:  29 жаштагы Ч.М менен Ш.уулу Ч., 33 жаштагы А.Б., 31 жаштагы Б.И. Бишкек ШИИББдин тергөө кызматына бардык далил заттар менен бирге жеткирилген. Мындан сырткары, жогорудагы жарандарды Наркология борборуна алып барышып, медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөн учурда баңгизаттарын колдонушары тастыкталды.

Аталган кылмыш ишинин алкагында кармалган Бишкек шаарынын Свердлов райондук күзөт кызматынын милиционери Э.А. тергөө аяктаганча тергөө абагына камакка алынды.  Ошондой эле үйүнөн баңгизат табылган “Жал” кичирайонунун тургуну 29 жаштагы Ч.М. камакка алынды.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, мыйзамды бузгандардан, бангизаттарын пайдалангандардан тазалоого багытталган иштерди улантат жана улантып келүүдө», — деп билдиришти ИИМден.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version