Site icon Reporter.kg

Баңгизат иши боюнча пакистандыктар кармалды. Окуянын чоо-жайы — видео

Чүй облусунун ыкчам кызматкерлери тарабынан баңгизатын мыйзамсыз жүгүрткөн чет элдик топ кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-февралда Ысык-Ата райондук милициясына Пакистандын 25 жаштагы С.З. аттуу жараны кайрылып, белгисиз адамдар 1-2-февраль аралыгында үйүнүн эшигин бузуп кирип, 10 миң доллар акчасын, эки даана MacBook жана iPhone 14 Pro уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Пакистандын жарандары 21 жаштагы М.Х., 24 жаштагы М.Г. жана М.А. аттуу жарандары аныкталып, сурак учурунда алар Пакистандын С.З. аттуу жарынын үйүнөн баңгизат уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандыгын билдиришкен.

9-февралда аталган кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин алкагында кармалган жарандардын үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, 1 кг 504 грамм  салмактагы нашаа (афган чарсы) баңгизаты табылып алынган.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыз ээси С.З. аттуу жаран бир нече жыл бою Пакистандан баңгизатын алып келип, Кыргызстанда жашаган өзүнүн мекендештерине баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган», — деп билдиришти милициядан.

Кылмыш иштин алкагында С.З. аттуу жарандын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан 55 грамм салмактагы баңгизат (нашаа) табылып алынган.

9-февралда аталган төрт жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

10-февралда алар эки айга тергөө абагына камакка алынган. Тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version