Site icon Reporter.kg

Банктар аралык аукциондо доллар 80,5 сомдон сатылып алынууда

2022-жылдын 15-июлундагы банктар аралык валюта аукционунда Кыргызстандын банктары 3,2 миллион долларды сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында айтылат.

Бүтүм жасалган күнү эсептешүүлөрдүн суммасы 1 миллион долларды түздү, ал эми бүтүмдүн датасынан айырмаланган күндөгү эсептешүүлөр менен 2,2 миллион долларды түздү.

Америка валютасы 1 долларга 80,5 сом ачуу жана жабуу курсу менен сатылып алынган. 14-июлда доллардын ачылышы 80,5 сомду, жабылуу курсу 81,5 сомду түзгөн.

Exit mobile version