Site icon Reporter.kg

Банктар аралык соодада АКШ доллары бир аз көтөрүлдү

доллар, деньги

2022-жылдын 23-июнундагы банктар аралык валюта тооруктарында Кыргызстандын банктары 3,8 миллион долларды сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бүтүм жасалган күнү эсептешүүлөрдүн суммасы 1 миллион долларды түздү, ал эми бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен 2,8 миллион долларды түздү.

Америка валютасы 1 долларга 79,52 сом ачуу курсу менен сатылып алынса, жабылуу курсу 1 долларга 79,5 сомду түздү. 22-июнда бир доллар 79,5 сомдон сатылган.

Exit mobile version