Президент Садыр Жапаров “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул документ 2025-жылдын 25-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзамдын негизги максаты жарандардын банктык карталарын, электрондук капчыктарын, SIM-карталарын жана башка финансылык реквизиттерин үчүнчү жактарга берүү же сатууга жол бербөө. Бул өзгөртүү IT технологиялары аркылуу жасалган алдамчылыктарды азайтууга багытталган.
Жаңы редакцияда Кылмыш-жаза кодекс 209¹-берене менен толукталып, бул аракеттер үчүн жазык жоопкерчилиги каралат. Ошондой эле мыйзамда “электрондук төлөм каражаттары” деген түшүнүк так аныкталат.