Site icon Reporter.kg

Барак эксклавынан көчүп келген кыргызстандыктар жаңы үйлөрүнө көчүп кирди

Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы Барак эксклавынан көчүп келген кыргызстандыктар алар үчүн Ош облусунун Кара-Суу районунда салынган үйлөргө көчүп кирди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.

Барактан көчүп келгендер үчүн салынган айыл Жаңы-Барак деп аталат. Ал жерде 101 үй тургузулуп, аларга суу киргизилип, айылдын жолдоруна шагыл төгүлгөн, электр зымдары тартылган. Кийин бала бакча, мектеп, көп кабаттуу үй, сейил бак, мечит, футбол талаасы салынат. Айылдын курулушу быйыл 6-майда башталып, 7 айда бүткөрүлдү.

Айылдын ачылышына президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөдү. Ал Өзбекстандын Анжиян облусунун ичинде жайгашкан Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп келгенин эске салды. Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган айылдын тургундары кыйын кырдаалдарды баштан кечиришкен: өткөрүү пункттарында суукта, шамалда сааттап кезек күтүп, текшерүүдөн өткөн. Ошко чейинки 15 мүнөттүк жолду 300 чакырым жол аркылуу айланып олтуруп, 12 саатта жеткен күндөр да болгон.

«Түмөн түйшүк көйгөйлөргө карабай, киндик кан тамган жерин таштап кетпей, ушул кезге чейин “Сабырдын түбү сары алтын” деп туруктуу жашап келген сиздер менен жалпы кыргызстандыктар сыймыктанабыз. Себеби дал ушул Барак айылы менен Кыргызстан бүтүн болуп келген. Эми минтип баарыбыздын бир кездеги кыялдарыбыз орундалып, сиздер жаңы конуштуу болуп отурасыздар», — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, Барак айылы мурда Кыргызстандын Өзбекстандагы эксклавы болгон. Айыл обочодо калгандыктан, анда жашагандар көп жылдардан бери Кыргызстанга кирип-чыгууда кыйынчылык тартып келишкен. 2022-жылы эки өлкө чек ара такташканда, Барак эксклавы боюнча маселе алмашуу жолу менен чечилген. Барак айылы Өзбекстанга өтүп, коңшу мамлекет анын ордуна Кыргызстанга Ош облусу менен чектешкен аймагынан жер берген.

Быйыл апрелде Барактын тургундары Ош облусуна көчүп чыккан.

Exit mobile version