Барак Обаманын жаңы китеби сатыкта рекорд койду

Барак Обаманын жаңы китеби сатыкта рекорд койду

АКШнын мурунку президенти Барак Обаманын «Эңсеген жер» аталышындагы  жаңы китебинин биринчи тому сатыкка чыккан күнү эле рекорд койду деп билдирди CNN.

Penguin Random House маалыматы боюнча, 17-ноябрда китеп чыккан. АКШда жана Канадада аталган китептин  800 жүз 87 миңден ашуун нускасы сатылган. Китепте басма, аудио жана санарип форматтарын камтыйт. Китеп АКШ жана Канада үчүн 3 миллион 400 миң нуска чыгарылган.

Penguin Random House бул компания чыгарган бардык китептердин эң көрүнүктүү дебюту деп белгиледи. 768 беттен турган «Эңсеген жердин» биринчи тому 25 тилге которулган.

2018-жылы эң көп сатылган жазуучу АКШнын экс-президентинин жубайы Мишель Обаманын ысымы болгон. Сатуунун биринчи күнүндө анын «Болуу» аттуу эскерүүсү 700 жүз 25 миң нускадан ашык сатылган.

Барак Обама Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп кызмат кылган биринчи афроамерикалык. Ал АКШны 2009-жылдан 2017-жылга чейин башкарган. Президент болуп шайланганга чейин Иллинойс штатынын Федералдык сенатору болгон. Обама 2009-жылы Нобель сыйлыгынын лауреатын болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>