Site icon Reporter.kg

Барбай койсом уят го. Атамбаев Москвадан кайтып келди

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Москвадан кайтып келди. Аны тосуп алуу үчүн Канттагы Орусиянын авиабазага 100гө жакын адам барды.

Журналиттердин суроосуна жооп берип жатып Атамбаев Москвага Орусиянын президенти Владимир Путин чакырганын жана атайын учак жибергенин билдирди.

Владимир Путин менин досум, жакын адамым. Келип кет деп атайын учак жөнөттү. Буга чейин да экиүч жолу суранды. Такыр эле барбай койсом да уят болмок. Путин Кыргызстанда үчүнчү революция болуп кетпесин деп кайгырып жатат. Мен революцияны дайыма бийлик жасаганын, эл айла жок көтөрүлгөнүн айттым”, — деген ал.

Ошондой эле ал Путин менен Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу сөз кылганын кошумчалаган.

Эске салсак, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп барып Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан. Путин Атамбаев менен Кыргызстандагы ички саясий абалды талкуулаганын айтып,  кырыз эли өлкөнүн келечеги үчүн президент Жээнбековдун айланасына биригиши керек деген.

Exit mobile version