Бардык ресурстарды мобилизациялоо керек — Орусиядан келген Роспотребнадзордун өкүлү

Бардык ресурстарды мобилизациялоо керек — Орусиядан келген Роспотребнадзордун өкүлү

1-июлда Орусиядан коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн жооптуу 10 кызматкерден турган делегация келген. Делегацияны Вячеслав Юрьевич Смоленский – Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары жетектейт.

Смоленскийдин маалыматына ылайык, бул эки өлкөнүн башчыларынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында ишке ашырылууда. Келген делегация Кыргызстандын медкызматкерлерине методикалык консултацияларды берет.

«Азыр биздин милдет — баштапкы баскычта жардам берүү жана муктаждыктарды баалоо. Мындан ары жардам көрсөтүү жөнүндө бир-эки күн бул жерде болобуз. Биз бере турган жардам дистанттык түрдө берилиши мүмкүн. Азыр биз Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалды карайбыз. Бардык саламаттык сактоо ресурстарын, коомду жана кызматтарды мобилизациялоо керек экендигин түшүнөбүз. Биз бардык жактан колдоп, жардам берүүгө даярбыз», — деди Роспотребнадзордун жетекчисинин орун басары .

Орусиядан келген дарыгер ооруп жаткан адам беткап тагынып жүрсө, айланасындагыларга вирус жуктуруу коркунучу азыраак болорун белгиледи.

«Социалдык аралык, беткап тагынуу илдеттен сактануунун биринчи кадамы. Биз муну Орусияда дагы бул жакта да беткап тагынууда вирустун жугуп калуу коркунучу азыраак экенин айтып үндөдүк», — деди ал.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>