Site icon Reporter.kg

Башаламан соода кылгандарга 657 миң сом айып салынды

Башаламан соода-сатык жүргүзгөндөргө 657 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, өлкөдө 3-6-декабрь күндөрү жолдун жээгинде соода кылган жарандарга рейд уюштурулган. Жыйынтыгында башаламан соода кылып, жол жээктерине чыгып мөмө-жемиш, курулуш материалдарын, күйүүчү майларды жана суусундуктарды саткандарга 220 протокол түзүлүп, жалпы 657 миң сом айып пул салынды.

Exit mobile version