Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке 60 миллион сом которду

Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке 60 миллион сом которду

Башкы прокуратура Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 60 миллион 649 миң сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Башкы көзөмөл органы жогорудагы миллиондор мамлекетке зыян алып келген кайсы кылмыш иштерден өндүрүлгөнүн ачыктаган жок.

Жалпысынан Башкы прокуратура бирдиктүү эсепке 597 миллион 94 миң сом которгон.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-июлунда коррупциялык иштердин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн атайын эсеп ачылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>